Биз менен байланышыңыз

Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси дипломатиялык миссиясын баштады

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 326 | 0

Бүгүн, 10-сентябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Кыргызстандагы кайрадан дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовдон ишеним грамоталардын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер минстрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Министр Чыңгыз Айдарбеков казак элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана мындан аркы жемиштүү ишине ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Copyright © 2017 Maral FM