Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил күнүнө карата конференция өтөт

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 644 | 0

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен Жогорку Кеңеш биргелешип уюштурган конференция 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлөт. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана бир катар депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тармактык адистер катышат.

Иш-чара саат 10:30да башталат.

Copyright © 2017 Maral FM