Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосуна келген коноктор жаңы студия менен куттукташты

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 962 | 0

Бүгүн «Марал» радиосунун жаңы студиясынын ачылышы болуп, кыска убакытка эс алуудан кийин бардык берүүлөр обого чыга баштады. Радио жаңы студия менен кошо, «Өнүгүү сөз эркиндигинен башталат» деген ураан чакырып, өз ишин баштады.

Студиябызга эң алгач эле мурунку премьер-министр Темир Сариев келип, «Маралдын» жамаатын куттуктап, куттуу студияда, ар кайсы тармактын өкүлдөрү конокко келишерин, өзү да дайыма келип турганын айтты.

— Биринчиден, жаңы сезонду жаңы студияда баштаганыңар менен куттуктайм. Куттуу студияга ар кайсы тармактын өкүлдөрү келип, конок болушат. Мен да биринчи жолу эмес, дайым конок болуп келгем. Радиого чакырсаңыздар, кубануу менен келем.  

«Марал» радиосу жана эл аралык «Интерньюс» уюму 6 ай ичинде эң жакшы жыйынтыкка жетишип, заманбап технология менен медиа тармактагы жаңы ыкмаларды колдонууда. Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиарыноктун абалы тууралуу Эл аралык «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн контент боюнча кеңешчиси, медиаэксперт Азамат Тынаев «Марал» радиосуна берген маегинде  билдирди.

— Кыргыз журналистикасынын миссиясын, сапатын өзгөртүү керек. Анткени, көрүп тургандай, медиа тездик менен өнүгүп жатат. Дүйнөдө болуп жаткан ар кайсы тилдердеги жаңылыктарды окуй алабыз. Бирок ички медиага басым жасаш керек  жана буга тынчсыздануу керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Маралдын» мурдагы студиясына караганда, азыркы студиясы жарык жана кенен экенин белгиледи. Ошол эле учурда заманбап техникалар менен жабдылышын куттуктады. Ал берүүлөрдү эртең менен теледен да көрөрүн, «Марал» радиосу калыс жана объективдүү маалыматтарды жеткиргени менен  алдыңкы радиолордун катарын толуктаганын кошумчалады.

— Мурдагы студия менен азыркы жаңы студиянын айырмасы бар. «Марал» радиосу чындыкты жана маалыматты нейтралдуу чагылдырганы менен өзгөчө. Куттуу студияңар менен «Марал» радиосунун жамаатын куттуктайм. 

«Марал» телерадио компаниясынын директору Руслан Акматбек жаңы студиянын ачылганына кубанып турганын жашырбады. Ал өз сөзүндө аз убакытка эс алууга кеткен учурда издеп калган угармандарга жана ал-абал сурагандарга ыраазы болгонун, мындан ары да угармандар үчүн колдон келген аракетти жасоого аракет кылышарын айтты.

 — Жаңы мүмкүнчүлүктөр аркылуу угармандар менен кайрадан угушуп турганыбызга кубанычтамын. Аз эле убакытка эс алууга кеткен учурда угармандардын арасында чалып, жазып издегендер болушту. Демек, бизди угармандар күтүп угушат экен, ошондуктан, угармандар үчүн «Марал» радиосунун командасы бар күчүбүз менен аракет кылабыз.

Белгилей кетсек, «Марал» радиосу  эл аралык «Интерньюс» уюмунун техникалык долбооруна катышып, сынактан утуп алган. Анын негизинде техникасы жаңыланып, бүгүнтөн тарта жаңы сезондо иштеп баштады.

 

Copyright © 2017 Maral FM