Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил комиссиясы жаш калемгерлердин сынагын өткөрөт

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 1160 | 0

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Кыргыз улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте жаш акын-жазуучулардын сынагын өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Ошондой эле, сынак аркылуу эне тилди даңазалоо, жаш калемгерлерди колдоо жана жаштардын көз карашын коомчулукка жеткирүү максатын көздөйт.

Сынакка Кыргыз жеринде жана чет өлкөдө жашаган 30 жашка чейинки калемгерлер эне тил тууралуу бир ыр же кыскача аңгеме, новелла жазып катыша алышат. Чыгармалар электрондук түрдө 2019-жылдын 3-октябрына чейин кабыл алынат.

Кеңири маалыматты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg расмий сайтынан жана Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун adabiyat.hostenko.com расмий сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM