Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Элдин медиа сабаттуулугун көтөрүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Сен 2019 | 572 | 0

Учур маалымат чөйрөсү үчүн абдан кыйын заман. Мындай шартта чындыкты казып чыгуу татаал. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Чыгыш, Батыш өлкөлөрүндө сөз эркиндиги Кыргызстандагыдай эмес. Кыргызстанда эл маалыматты ылгабайт, мындан улам элдин медиасабаттуулугун көтөрүү зарыл. Батышта окулбай турган гезиттер Кыргызстанда популярдуу болуп жатат.

«Маалыматтын чындыгы тууралуу ойлонгон деңгээлге жетпесек, ортодогу ынтымакты ыдыратуу оңой болуп калды. «Маралда» өнүгүүнү байкап жатабыз. Объективдүүлүктү таап берген жолуңуздардан жазбаңыздар. Жалпы элдин медиа сабаттуулугун көтөрүү үчүн иштеп берсеңиздер жакшы болот. Элдин ыйманына, адебине пайдалуу сөздөр айтылган, адамдардын руханий, интеллектуалдык деңгээлин өстүрүүгө себеп болгон программаларды обого алып чыккан студия болсун», — дейт Кадырбеков.

Марал радиосужаңысезонду #жаңы_студияда өзгөчө дата (09.09.19) менен баштадык#Атайын_чыгарылыш Internews in Kyrgyzstanдын директору Элина Каракулова менен медиа эксперт Азамат Тынаев "Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа рыноктун абалы тууралуу талкуулады 09:00дөн саат 12ге чейин саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү биздин жаңы студиябызда конокто. Мунун баарын биздин социалдык тармактар аркылуу #түз эфирден көрө_аласыздарАл эми бизди онлайн угуу http://maralfm.kg/radio/FM:⤵⤵⤵🇰🇬Бишкек 88.5🇰🇬Ош,Жалал-Абад 95.3🇰🇬Каракол 105.5🇰🇬 Талас 106.1🇰🇬 Нарын 106.3🇰🇬 Баткен 105#maralfmkg #маралфм #радиомарал #маралтүзэфир #жаңы_студия #интерньюс #кыргызстан #бишкек #ош #жалалабад

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Воскресенье, 8 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM