Биз менен байланышыңыз

Акыркы 3 жылда 220 мектеп курулду

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 884 | 0

2016-жылдан 2019-жылга чейин 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2016-жылы 28 мектеп жана 1 бала бакча, 2017-жылы – 46 мектеп жана 6 бала бакча, 2018-жылы – 68 мектеп жана 6 бала бакча, 2019-жылы – 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган.

«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объекттердин тизмесине ылайык, ушул жылы 2 млрд 133 млн сом бөлүү каралган.

Ушул жылдын 1-сентябрына карата 14 мектептин курулушу аяктап, дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.

Ушул жылдын аягына чейин Өкмөт тарабынан жалпысынан 64 объекттин курулушун аяктоо пландалууда, анын ичинде 41 мектеп жана алардын спорт залдары, үч бала бакча, алты спорт зал жана комплекстер, алты саламаттык сактоо жана бир катар башка объекттер бар. Мындан тышкары 33 социалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинде 15 мектеп, беш саламаттык сактоо объекти жана бир нече башка объект бар.

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген.

Өкмөт өзүнүн алдына жакынкы жылдары авариялык мектептер маселесин толук чечүү милдетин койгон. Коюлган максатка жетүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM