Биз менен байланышыңыз

Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ишкерлер менен кызматташууга даяр

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 454 | 0

Өкмөт ишмердүүлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ишкерлик менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусуна жумуш сапар менен барган учурда билдирди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусунун Бакай-Ата районундагы төө буурчакты тазалоо жана консервалоо боюнча иштеген өнөр жай комплексинин ачылыш аземине катышты.

Комплекстин аймагында төө буурчакты тазалай турган эки цех курулган. Анда 30га жакын жумушчу орду бар. Тазаланган продукцияны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо пландалууда. Жылдын аягына чейин жашылча-жемиштерди сактоочу, ал эми кийинки жылы  консервалоо жана таңгактоо боюнча цех куруу пландалууда. Ишкерлер мамлекеттен алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга жардам берүүнү өтүндү.

«Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу аймактарды өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 2 млрд сом бөлүнүүдө. Бул каражат аймактардын кластердик курулушун өнүктүрүүнү шарттаган ишкерликти колдоого багытталат. Эгер ушул айтылгандар сиздерде болсо, анда биз өз ара кызматташууга даярбыз. Сиздер долбоорлорду даярдап жана аны комиссиянын кароосуна жөнөтүшүңүздөр керек», — деди.

Андан кийин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас районунун Кууганды айылындагы бетон заводунун ачылышына катышты.

67 млн сомго бааланган заводдун курулуш иши былтыр башталган. Заводдо 40 киши иштейт, майдаланган таш, кум жана шагыл чыгарылат. Мындан ары бетон мамылары менен лотокторду чыгарууга даяр. Бул үчүн кошумча инвестиция керек.

Copyright © 2017 Maral FM