Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 687 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван  жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. Ар бир дарыя боюнча өзүнчө техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, аларды каржылоого Европа реклонструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарын тартуунун үстүндө иштер жүрүүдө.

Долбоорлор 2020-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт. Алардын аякташы менен Ак-Талаа районунда кошумча 4 миң гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM