Биз менен байланышыңыз

Президент иш сапары менен Нарын облусуна барат

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 441 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.  21-22-августта Мамлекет башчысы иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Нарынга иш сапарынын алкагында президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Региондун инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM