Биз менен байланышыңыз

Ташкентте телерадиокомпаниянын аймагынан ири өрт чыкты

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 377 | 0

Ташкент шаарында Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясынын имаратынын аймагында 20- августтан 21-августка караган түнү ири өрт чыкты. Өрттөн жабыркагандар жок экендигин Өзбекстандын Өрт коопсуздук кызматы кабарлаганын РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, 20-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.54 тө Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясынын ашканасы жана 400 чарчы метр имарат күйгөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүү кызматы 00.00 дө өрт чыккан жерге барып, өрт саат 00.45те чектөөгө алынып, 1.36 да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өрттүн келип чыгуусуна электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн экендиги алдын ала божомолдонууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM