Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок. Суракка да чакылырган эмес

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 499 | 0

Камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, “Апрель” телеканалынын журналист Мирбек Айтикеев камакка алынган эмес. Ички иштер министрлиги (ИИМ) аны суракка да чакырган эмес. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Атамбаевчилер Мирбек Айтикеевди таппай жатышкандыгын билдиришкен. Буга чейин ЖМКларда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды делген маалымат тараган.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды делген маалымат тараган, бирок аталган маалымат далилденген эмес. 7-8-августундагы Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин алкагында Мирбек Айтикеев күбө катары өтүүдө”, — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, Кой-Ташта операция жасалган күнү ошол жерде жүргөн Мирбек Айтикеев окуя боюнча түз эфирде видео көрсөтүп, күч органдары элге карата согуштук куралдан ок атып жатканын айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM