Биз менен байланышыңыз

Сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКда карайт

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 436 | 0

Бүгүн сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карайт. Баш коргоо чарасын кароо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде саат 10:00дө башталат. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев өзүнүн facebook баракчасына жазды.

УКМКнын жанында Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөө, балдары, тарапташтары чогулган.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Атамбаевге учурда жалпы 14 иш боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM