Биз менен байланышыңыз

Президент «Эркин экономикалык аймактагы» ишканалардын абалын көрдү

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 728 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн “Бишкек” Эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков байпак өндүрүүчү “Салкын” ишканасынын, ошондой эле желим, боёкторду, курулуш материалдарын жана жалаякшымдарды чыгарган “Пейванд” жана айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюмдарды, материалдарды жана түтүктөрдү өндүрүүчү «Корона» ЖЧКсынын ишканаларына барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен маектешүүнүнү жүрүшүндө инвестицияларды, заманбап технологияларды тартуунун жана жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи.

Ал ошондой эле калктын турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болуучу экспортко багыт алган ишканаларды көбөйтүү, өндүрүштү өнүктүрүү, заманбап транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өндүрүштүк процессти, чыгарылган продукцияларды көрүп, ишкана жетекчилеринин көйгөйлөрүн укту.

Ишкерлер тарабынан айтылган бардык көйгөлүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар бериле турганы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM