Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөө тууралуу расмий билдирүү таратты

Кыска кабар | 14 Авг 2019 | 1024 | 0

Башкы прокуратурага Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы келип түшкөн.
Анда айтылгандай, Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Таштагы аракеттери менен Ички иштер министринин бир нече талап-көрсөтмөлөрүн аткарбай койгон. Макулдашпай туруп, өз алдынча чечимдерди кабыл алган, милиция кызматкерлерин башкаруучусуз калтырып, коркунучка түрткөн.
«Асанов мыйзам талаптарын бузуп, иш боюнча маанилүү документ, далил буюмдарды жаап-жашырган. ИИМдин бүтүмүн карап чыгып, «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнү Аскер прокуратурасы алып барат», — деп айтылат башпрокуратуранын билдирүүсүндө.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын карап чыгып чогултулган материалдар Башкы прокуратура тарабынан кылмыштардын жоруктардын бирдиктүү реестрине “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши Аскер прокуратурасына тапшырылган.
Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн куралган топ түзүүлүп, тергөө иши жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM