Биз менен байланышыңыз

Банктык аманаттарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам өзгөрдү

Кыска кабар | 14 Авг 2019 | 809 | 0

«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Буга байланышкан Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Мыйзам ушул жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучуларынын турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү коргоого алуу системасынын иши боюнча укуктук ченемдерди түзүүгө багытталган. Аманаттарды коргоо системасы, кепилдик учур келип жеткенде «Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган суммада жана ыкмада компенсация сунуштоо аркылуу контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучуларын коргоого, ошондой эле бүтүндөй финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

«Мындан тышкары, контракттык турак жай жыйымдар механизмин колдонууга киргизүү, натыйжалуу финансылык чечимдерди ишке ашыруу аркылуу калктын турак жай менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга багытталган жана контракттык турак жай-сактык каражаттар механизмин ишке ашыруу мамлекеттин жарандарына гана эмес, банк тутумуна жана курулуш секторлоруна, анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүүчүлөргө да таасирин тийгизет.

Кабыл алынган мыйзамда контракттык турак жай-сактык каражаттар механизми эки баскычтан турат: биринчи топтоо баскычында ар айлык аманаттарды салуу аркылуу баштапкы сумманы жыйноо, ал эми экинчи баскычта — контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучусу топтолгон сумманы, аманат боюнча сый акыны жана кредитти алып, жалпы суммага турак жай сатып алышы же курушу мүмкүн«, — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM