Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Тоолуу райондордо жаан жаайт

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 431 | 0

Кыргызгидромет борбордун берген маалымат боюнча эртең, 13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35

Таласта  түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22
күндүз +31…+36

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +11…+16,  күндүз+23…+28

Нарын дубанында  түнкүсүн +10…+15,  күндүз +27…+32

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +33…+35 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +23…+25 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM