Кыргызгидромет борбордун берген маалымат боюнча эртең, 13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35
Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22
күндүз +31…+36
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз+23…+28
Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +33…+35 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +23…+25 градус болот.