Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин тарапташы Кылычев менен Жамгырчиев камакка алынды

Кыска кабар | 10 Авг 2019 | 502 | 0

Милиция Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) Штабынын өкүлдөрү Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиевди камакка алды. Алар тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда массалык баш аламандыктарды уюштургандыктары жана барымтага алуу фактыларынын негизинде кармалган. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Атамбаевдин эки тарапташы Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суралып, медиа форум акционердик коомунун жана «Апрель тв» телевидениесинин мүлкү камакка алынды.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, түз эле УКМКнын имаратына алып келишкен.

7-августта кечинде УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндүк кагылышуудан УКМКнын атайын багыттагы аскери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, дагы эки тараптан 98 киши жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM