Биз менен байланышыңыз

Премьер-министрлер Ысык-Көлдөгү «Tengri Music Festival» эл аралык фестивалына барышты

Кыска кабар | 9 Авг 2019 | 440 | 0

Кыргызстандын, Армения, Беларусь жана орусиянын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев, Никол Пашинян, Сергей Румас жана Дмитрий Медведев, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда өтүүчү классикалык жана джаз музыкасынын эл аралык «Tengri Music Festival» фестивалына барышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда алгач ирет Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүүдө.

Фестивалда Кыргызстан, Россия, Армения, Казакстан, Беларусь, Германия жанан Австриянын атактуу музыканттары катышып жатат.

Аткаруучулардын арасында азыркы учурдун белгилүү гитаристтеринин бири Артем Дервоед, джаз ырчысы, вокалист Карина Кожевникова, Австриядан меццо-сопрано Хайдемария Обертюр, эл аралык сынактардын лауреаты, заманбап музыка аткаруучусу, Олег Лундстрем атындагы биг-бэнд солисти трубач Ростислав Кочетов, Чоң театрдын легендарлуу армян теноруГор Арсенян, көрүнүктүү кыргыз опера ырчысы, европалык публиканы багындырган,  сопрано Джамиля Раимбекова, джаз мэтри, пианист Лев Кушнир бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM