Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон офицерге снайпердин огу тийген

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 659 | 0

Улуттук коопсуздук комитети Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция тууралуу кезектеги билдирүүсүн таратты. Анда Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон УКМК офицерине снайпердин огу тийген деп айтылат.

УКМКнын атайын бөлүктүн аскерлери Кой-Ташта экени, Атамбаевди кармоо операциясы учурунда бир канча жоокер жаракат алганы айтылат.

“Тилекке каршы бир аскер окко учту. Атамбевдин үйү тараптан атылган ок атайын аскердин ички органдарына тийген. Ал ок алдын ала болжолдо снайперден атылган. УКМКнын атайын аскерлери желим окторду колдонушкан. Ал эми Атамбаевчилер согуштук куралдан ок атышууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM