Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди кармоо операциясында Абдил Сегизбаев жаракат алганы айтылууда

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 673 | 0

УКМКнын атайын даярдактагы аскерлери жүргүзгөн атайын операцияда УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев жаракат алганы айтылууда.

Атайын операцияда мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев, 24.kg маалымат агенттигин кабарчысы Аида Жумашева жапа чеккени кабарланууда.

Күч түзүмдөрү жаш агызуучу, жана тарсылдак жардыргыч заттарды колдонуп жатканы айтылууда.

Кой-Ташта электр жарыгы өчүрүлдү. Интернет байланыштар да начарлаган.

Мурдагы президенттин үйүндө өрт чыкканы айтылып жатат.

Атайын кызматтагы аскерлер маалымат каражаттарын, видео тарткан журналисттердин видеокамераларын алып коюшкан.

Атайын аскерлер Атамбаевдин короосуна эч кимди киргизбей, чыгарбай да коюшкан.

Атамбаевдин үйүнө баруучу жолдор буулган.

Copyright © 2017 Maral FM