Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Тоолуу райондордо өткүн өтөт

Кыска кабар | 5 Авг 2019 | 565 | 0

Кыргызгидромет борбордун маалыматы боюнча эртең, 6-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23,  күндүз +34…+39

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19,  күндүз +31…+36

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24,  күндүз +34…+39

Ысык-Көл облусунда  түнкүсүн +12…+17,  күндүз +27…+32

Нарын облусунда  түнкүсүн +9…+14,  күндүз +28…+33

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23 градус, күндүз +37…+39 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +27…+29 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM