Кыргызгидромет борбордун маалыматы боюнча эртең, 6-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +28…+33
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23 градус, күндүз +37…+39 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +27…+29 градус болот.