Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчысы: күйүүчү май аткезчилигин ким жасаганын салыкчылар эң жакшы билишет

Кыска кабар | 5 Авг 2019 | 807 | 0

Жылына миң тонна күйүүчү май бензанол катары Кыргызстандын чек арасынан ташылып өтөт. Мындай билдирүүнү Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев салык кызматынын жарым жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтты.

Силер күйүүчү май аткезчилигинин артында ким турганын эң жакшы билесиңер. Эгерде силер, салыкчылар менен Финансы полициясы бул боюнча маалымдар болбогонуңарда, анда мындай көрүнүш болмок эмес”, — деди премьер-министр Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM