Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Айрым аймактарда өткүн өтөт

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 421 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 3-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;  Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39; Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31; Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 36…38°.

Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28°.

Copyright © 2017 Maral FM