Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 3-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38; Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39; Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31; Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 36…38°.
Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28°.