Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 11 өлкөнүн жарандарына виза алууну жеңилдетти

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 676 | 0

Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстанга кирүү шарттарын жеңилдетти. Дагы 11 өлкөнүн жарандарына виза алууну жеңилдеди. Бул кабарды өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындай чечим өлкөнүн инвестициялык, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Ал виза берүү кызматтарын оптималдаштырууга багытталган пландуу иш-чаралардын алкагында Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен ишке ашты. Кыргыз Өкмөтү буга байланыштуу 2019-жылдын 1-августунда 391-токтомду кабыл алган. Токтомго ылайык жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди.

Бул тизмеге Алжир Элдик Демократиялык Республикасы, Бангладеш Элдик Республикасы, Египет Араб Республикасы, Индия Республикасы, Иордан Хашимит Королдугу, Ливан Республикасы, Марокко Королдугу, Непал Федеративдүү Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Тунис Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалдык Республикасы кирди.

Аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейт Мамлекетинин, Катар Мамлекетинин, Бруней- Даруссалам Мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоолору тийиш.

Кыргызстанга келүү үчүн 1 айга чейинки кыска мөөнөттүү туристтик визалар Булуңундагы өлкөлөрдүн резидент-карталарын жана резидент-визаларын (бир жерде туруктуу жашоого укук берүүчү документин) көрсөткөндө гана жеңилдетилген тартипте таризделип берилет (чакырууну тариздөө зарылчылыгы жок эле жеке кайрылуунун негизинде).

Виза берүүнүн жеңилдетилген тартибинин киргизилиши биздин өлкөгө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн меймандарды тартууга өбөлгө түзөт. Булуңунун өлкөлөрүнө авиакаттамдар ачылып жаткан учурда бул өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды”, — деп айтылат министрлик тараткан бидирүүдө.

Өкмөттүн буга байланышкан Токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM