Биз менен байланышыңыз

3 миң аскер кызматкери турак жай үчүн кезекте турат

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 570 | 0

3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары 453 аскер кызматкери батирлүү болгон. Батирлер Баткен, Ош жана Бишкек шаарларында болгон. Учурда батир алуу жана турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча 2,5-3 миң аскер кызматкери кезекте турат. Бул жылы Ошто 216 батир жана Бишкекте 281 батирди берүү пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM