Биз менен байланышыңыз

«Чалдыбар-Автожолдо» күйүүчү майды мыйзамсыз ташууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 503 | 0

Кечээ, 28-июлда «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 300 литр күйүүчү майды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери Казакстандан келаткан «Лада» үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алган учурда, багаждын ичинен 300 литр күйүүчү май чыккан.

Унаанын айдоочусу товардын коштоочу документин көрсөтө алган эмес.

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM