Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак тараткандарды кармоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 885 | 0

25-июлдан баштап Түркмөнстанда президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү жана ден- соолугунун начарлашы тууралуу тараган ушактарга каршы активдүү күрөш башталды. Ашкабаддын күч түзүмдөрү жана аймактарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнүн «Хроники Туркменистана» басылмасынын кабарчылары жазды.

Маалыматка ылайык, Лебап облусунда үч адам кармалып, алар өлкөнүн туруктуулугун бузууга аракет кылды деп айыпталууда.

Мындан сырткары, Маданият министрлигине ушактарга каршы үгүт иштерин жүргүүзүү тапшырылган.

Мындан улам Instagram социалдык тармагында бир эле убакта бир канча Түркменстандын маданият кызматкерлери тарабынан ушактарга ишенбөөгө чакырган видео кайрылуулар #duryalan (токто жалган) деген хэш-тегтер менен тарады.

Эске салсак, буга чейин 21-июлда Евразия көйгөйлөрүн иликтөө борборунун директору Аслан Губаевдин «Говорит Москва» агенттигине көз жумду деген маалыматты билдиргенин бир катар маалымат булактары жазган болчу. Андан соң Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги өлкө президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун көз жумгандыгы тууралуу кабарды жокко чыгарып, анын 15-июлда эмгек өргүүсүнө чыккандыгын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM