Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Атамбаев Жээнбеков менен элдешпейт

Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 527 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен элдешпейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина билдирди.

Ал өзүнүн “Фейсбук” баракчасына Атамбаевдин Москвага болгон сапарынан кийин көптөгөн соцалдык тармактын колдонуучулары «Атамбаев менен Жээнбеков элдешеби?» деген суроо менен көп кайрылышкандыгын жазган.

Мындан сырткары, Атамбаевдин бир канча жолу өзүнүн интервьюларында мыйзам чыгаруу органдарынын мыйзамды жана Баш мыйзамды бузгандыгы жөнүндө айтып келгендигин жана экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча эч жерде жазылбагандыгына карабастан анын кол тийбестигинен ажыратып, кемсинтип, шылдыңдоосунан кийин Сооронбай Жээнбековго элдешүүгө кол сунуш керекпи? деп суроо калтырган.

Эске салсак, Атамбаев азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кеткенин айтып, алар укуктук талаага келгенде гана тергөөчүнүн сурагына бара турганын билдирип келет.

Copyright © 2017 Maral FM