Биз менен байланышыңыз

Саясий туткундарды коргоо комитети Атамбаевди жоопкерчиликке тартуунуу талап кылышты

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 535 | 0

Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу, суракка күч колдонуп болсо да алып баруу талап кылышууда.

Уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, Алмазбек Атамбаев ар кандай аракеттери менен өлкөнүн эгемендигине шек туудуруп, жасаган иштери үчүн жоопкерчиликтен качуу амалын кылып жатат.

Комитет белгилегендей, анын укуктук ченемдерди тоготпоосу суракка баруудан баш тартканынан көрүнүп турат.

«Ошол эле учурда, жазасын өтөп жаткандар, соттолгондор жана саясий туткундар Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде жемкорлук актылары болгонун ачык эле айтышып, прокуратура жана соттор тарабынан куугунтуктоо болгондугун билдиришкен», — деп жазылат билдирүүдө.

Комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана саясий туткундарды куугунтуктоого катышы бар сотторду жоопкерчиликке тартуу, түрмөлөрдө жаткан саясий туткундар: Өмүрбек Текебаев, Эрнест Карыбеков, Абдулла Капаров, Садыр Жапаровдорду боштондукка чыгаруу талабын коюшту.

Эске салсак, Атамбаев азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кеткенин айтып, алар укуктук талаага келгенде гана тергөөчүнүн сурагына бара турганын билдирип келет.

Copyright © 2017 Maral FM