Биз менен байланышыңыз

УКМК: Никита Тарасенкону кайра суракка чакырууну Башкы тергөө башкармалыгы чечет

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 490 | 0

Улуттук коопсуздук комитети дизайнер Никита Тарасенконун бүгүн, 26-июлда суракка келбегенин маалымдап, аны кайра чакырууну Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы чече турганын билдирди.

Эске салсак, Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакыруу алганын Фейсбук баракчасына жазган.

Бүгүн Никита Тарасенко УКМКнын сурагына барган эмес. Анын айтымында, ал болгону уктап калган. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Никита Тарасенко суракка чакырылуусуна Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган «Ошская ОПГ» деген карикатурасы себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM