Биз менен байланышыңыз

Грузиянын мурдагы Коргоо министри кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 464 | 0

Грузияда мурдагы Коргоо министри, «Жеңүүчү Грузия» партиясынын лидери Ираклий Окруашвили кармалды. Бул тууралуу Грузиянын «Биринчи каналы» чагылдырды.

Маалыматка ылайык, Окруашвили Тбилисидеги митингге байланыштуу кармалган. Ал 20-21-июнда демонстранттарды чакырып, парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылгандыгы үчүн айыпталууда.

Белгилей кетсек, 20-июнда Грузия парламентинин алдындагы нааразылык акциясы жүргөн. Милиция кызматкерлери демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газды колдонгон. Анын кесепетинен 240 адам жаракат алган.

Эске салсак, митингдин чыгышына Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги жыйын учурунда спикердин ордуна отуруп алганы себеп болгон. Нааразычылык акциясынын катышуучулары орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун спикердин орундугуна отуруп, жыйындагы адамдарга оручса сүйлөгөнүн «Грузияны сыйлабагандык» катары баалаган.

Оппозиционерлер буга «көз жумду» мамиле кылган Грузия бийлигине «өлкөнү сатканга барабар» деген айып коюшуп, чоң ката кетиргенин айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM