Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан дүйнө рейтингиндеги ордун сактап калды

Кыска кабар , Спорт | 26 Июл 2019 | 634 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Дүйнөлүк футбол уюмунун (FIFA) жаңыланган рейтингинде 95-орунда калды. Бул тууралуу FIFA’нын расмий сайтына жарыяланды.

Учурдагы рейтинг боюнча кыргыз курамасынын топтогон упайы 1252ни көрсөтүп турат.

Улуттук кураманын 2022-жылы өтүүчү Дүйнө жана 2023-жылдагы Азия Кубогу мелдештерине тандоо турундагы атаандаштары төмөнкүдөй жайгашкан:

Япония – 33-орун
Тажикстан – 119-орун
Мьянма – 135-орун
Монголия – 187-орун.

Июль айына карата алдыңкы үчтүктө бир аз өзгөрүүлөр болду. Биринчи орунда 1746 упай менен дагы эле Бельгия курамасы турат. Буга чейин үчүнчүдө турган Бразилия азыр 1726 упай менен экинчи сапка көтөрүлдү. Ал эми Франция бир сапка артка кетип, 1718 упай менен үчүнчүгө түшүп калды.

Июль айындагы жыйынтыкка ылайык, эң начар натыйжа көрсөткөн команда Чыгыш Африкадагы Бурунди курамасы. Ал 14 сапка артка кетип, 148-орунга түштү.

Ал эми ай ичинде Алжир курамасы жакшы натыйжа көрсөтүп, 28 сапка жогорулап, 40-орунга көтөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM