Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Орусиянын президенти «келип кет» деп, 2-3 жолу суранганынан бардым (видео)

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 695 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Канттагы авиабазадан тарапташтары тосуп алды.

Журналистерге берген маегинде Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экс-президенти катары сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирип, Орусиянын президенти өзү атайын «келип кет» деп 2-3 жолу суранганынан барып келгенин билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстандан качпай турганын айтып: «Кыргызстан- менин жерим, топурагы буйрусун», — деди.

Мындан сырткары, Атамбаев азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кеткенин айтып, укуктук талаага келсе гана тергөөчүнүн сурагына бара турганын билдирди.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 24-июлда Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу Москва шаарына учуп кеткен болчу.

Кыргызстан бул менин жерим, менин топурагым

Опубликовано Алмазбек Атамбаев Четверг, 25 июля 2019 г.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM