Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков чек ара коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 607 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда чек арада, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүү, чек арада жашаган жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири бойдон каларын өзгөчө белгиледи.

Президент чек ара боюндагы айылдардын жана райондордун инфратүзүмдүк абалын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык маселелерин чечүү зарылдыгына көңүл бурду.

Кеңешмеге Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ошондой эле, тийиштүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM