Биз менен байланышыңыз

Орозова: Спикерге парламентти кезексиз жыйынга чакыруу боюнча кат жаздык

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 1297 | 0

Баткен облусунун Ак-Сай аймагындагы чек ара маселеси дагы деле толук чечилбегени үчүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керек. Мындай пикирин эл өкүлү Карамат Орозова «Маралга» билдирди.

Депутаттар Карамат Орозова, Таабалды Тиллаев, Исхак Масалиев, Закир Шарапов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго расмий кат жолдоп, парламентти кезексиз жыйынга чукул арада чакырууну суранышкан. Бирок, азырынча бул катка расмий жооп келе элек.

Кошумчалай кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары Ош-Исфана жолун ачты. Андан кийин кыргыз-тарап да Ак-Сай-Ворух жолун ачышты. Мамлекеттик чек ара кызматы учурда абал туруктуу экенин, чек ара тилкелери биргеликте кайтарылып жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM