Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы чатак боюнча тергөө тобу түзүлдү

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 728 | 0

Чек арадагы чатак боюнча Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев атайын токтом кабыл алды. Анын негизинде атайын тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек арадагы чатак Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген кылмыш курамдары боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Мындан улам, Баткен облустук, райондук жана шаардык Ички иштер башкармалыктарынын тергөөчүлөрүнөн куралган атайын тергөө тобу түзүлдү.   

Учурда соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык, соттук-медико-криминалистикалык экспертиза дайындалды. Ал эми тергөө тобу жабырлануучулардан окуянын чоо-жайын сурап, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM