Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Евразия өнүктүрүү фондунун директорун кабыл алды

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 447 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жана энергетикалык, инвестициялык долбоорлор боюнча кошумча макулдашууну ишке ашыруу республикада энергетикалык кубаттуулуктун көлөмүн арттырууга мүмкүнчүлүк берерине ишенерин айтты. Ошондой эле, фонд тарабынан «Ден соолук кербени» долбооруна бөлүнгөн грант айыл калкын алдын ала медициналык кароодон өткөрүүгө олуттуу колдоо болоруна үмүттөнөрүн кошумчалады.

Андрей Широков өз кезегинде Фонддун ишмердүүлүгүн колдогону үчүн өлкө башчыга ыраазычылык билдирип, энергетика, транспорт, саламаттык сактоо жана айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу улана турганын белгиледи. Жогорудагы бардык багыттар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз иш жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле, өлкөнүн аймактарында жолдорду куруу жана модернизациялоо боюнча инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пикир алмашуу болду. Тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга кызыкдар экенин жана даярдыгын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM