Биз менен байланышыңыз

Атамбаев ИИМдин суроолоруна ЖМК аркылуу жооп берүүгө даяр

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 609 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулушу боюнча тергөөнүн суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу Атамбаевдин юридикалык маселелер боюнча өкүлү Сергей Слесарев билдирүү жасады.

Сергей Слесарев мунун себеби катары кол тийбестикке ээ болгон экс-президентти суракка алууга болбой турганын жүйө келтирген. Ошондой эле, бул ыкма мыйзамды бузбай, эл менен биргеликте жооп алууга мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирген. Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаевдин ИИМ тарабынан суракка чакырылышы мыйзамсыз экенин айтып, бир канча жолу кат жүзүндө кайрылуу жасаганын жазган.

Эске салсак, мурдагы президентке сурак берүү үчүн 3 жолу билдирүү кагазы келген. Биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда жана үчүнчүсү 18-июлда келген.

Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай тургандыгын айтып келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM