Биз менен байланышыңыз

Таласта «Сарымсак» каналынын курулушу уланууда

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 597 | 0

Талас облусунун Кара-Буура районунда жалпы узундугу 23 чакырымды түзгөн Сарымсак каналынын курулушу уланууда. Бул тууралуу Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров билдирди.

Анын айтымында, Каналды куруу долбоору Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга киргизилген. Эгер бүтүп калса, 2 миң гектар жер өздөштүрүлөт. Андыктан, бир жыл эрте бүткөрүү аракети көрүлүп жатат.

«Учурда Сарымсак каналы аркылуу 1700 гектар жер сугарылат. 2021-жылы жазында курулушу бүтүп, ишке кирсе, дагы 2000 гектар жерге суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Учурда 2 подрядчик иштеп жатат», — деди Баратбек Сыдыкназаров.

Ал ошондой эле, 150 га жерге тамчылатып сугаруу системасын куруу долбоору да ишке ашырылып жатканын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM