Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Сауд Арабия парламентинин спикери менен жолугушту

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 481 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Сауд Арабия падышачылыгынын Аш-Шура Мажилисинин спикери Абдулла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабия Кыргызстан үчүн артыкчылыктардын бири экенин, достук мамилелерге акыркы жарым жыл ичиндеги ар кайсы деңгээлдеги өз ара визиттер күбө болуп саналарын белгиледи.

Президент соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, айыл чарба жана аймактар аралык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга салам жолдоду.

Абдулла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Сауд Арабиясында Кыргызстандын президентинин расмий визитин күтүп жатышканын баса белгилеп, мындан ары да өз ара аракеттешүүгө жана кызматташуунун эң эле келечектүү чөйрөлөрүн аныктоого даярдыгын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM