Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Юкия Амано каза болду. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Юкия Амано 72 жашта болчу. Ал аталган кызмат орунга 2009-жылдын декабрынан бери үч жолу удаа шайланган.
Кайгылуу окуяга байланыштуу уюмдун желеги түшүрүлүп, аза күтүлүүдө.