Биз менен байланышыңыз

Москва университетинин Кыргызстандагы филиалы 2020-жылы ачылат

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 539 | 0

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Кыргызстандагы филиалын ачуу 2020-жылга пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен аталган окуу жайдын ректору Виктор Садовничийдин жолугушуусунда айтылды.

«Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчылары тарабынан «2020-жыл — Кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы» деп жарыяланганын эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени Өкмөттөр аралык жолугушуунун күн тартибине киргизүү боюнча иштерди баштады», — деди министр Гүлмира Кудайбердиева

ММУнун Кыргызстандагы филиалын ачуу боюнча жол картаны талкуулоо тууралуу сүйлөшүүгө Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM