Биз менен байланышыңыз

Таласта электрондук китепкананын окурмандары арбыды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 421 | 0

Талас облусунун Айдаралиев айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылдык китепканасында электрондук бөлүм ачылгандан бери окурмандардын саны өстү. Буга чейин жыл ичинде 1400 окурман болсо, учурда алардын саны 2 миңге чукулдады. Бул тууралуу Көпүрө-Базар айылдык китепканасынын башчысы Акыйкат Токтогулова билдирди.

Анын айтымында, электрондук китепкана алгач орус классик жазуучуларынын чыгармаларынан түзүлгөн. Китепкананын жетекчилиги интернет булактарынан 400дөй көркөм адабиятты, «Манас» эпосунун бардык варианттарын, тарыхый китептерди, дастандарды, драмалык китептерди көчүрүшкөн.

Бул аракеттер окурмандардын суроо-талаптарын камсыздоо максатында жасалганын, окурмандар үчүн жогорку ылдамдыктагы акысыз интернет кызматы бар экенин Акыйкат Токтогулова «Маралдын» кабарчысына айтып берди.

Айылдык китепканада 10383 китеп бар.

Copyright © 2017 Maral FM