Биз менен байланышыңыз

Бишкекте өтүп жаткан дрифтте бир нече көрүүчү жабыркады [видео]

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 481 | 0

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарынын «Жеңиш» аянтында өтүп жаткан унаа оюнда (дрифт) бир айдоочу көрүүчүлөрдү сүзүп кетти.

Окуя саат 13:00 чамасында болгон. Көрүүчүлөргө оюн көрсөтүп жаткан айдоочу унаасын башкара албай, элди аралап кетти. Кырсыктан бир нече адам жабыркады. Атайын көзөмөл үчүн келишкен «Тез жардам» кызматынын бригадасы жабыркагандардын бир нечесине жеринен жардам көрсөтсө, бир канчасын № 4 шаардык ооруканага жеткирди.

Учурда канча адам жабыркаганы такталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM