Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Беларусияда кезектеги голун киргизди

Кыска кабар , Спорт | 20 Июл 2019 | 541 | 0

Футбол боюнча Улуттук кураманын жарым коргоочусу Гүлжиги Алыкулов Беларус чемпионатында кезектеги голун киргизди.

Гүлжигиттин «Неман» клубу Беларустун жогорку лигасынын 16-турунун алкагында кечээ өз талаасында «Гомель» командасы менен кез келди.

0:1 эсебинде утулуп жатып, беттештин кошумча берилген убактысында Гүлжигит 11 метрлик айып тобун тебүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Аны өзү ийгиликтүү ишке ашырып, эсепти теңеп (1:1), командасын жеңилүүдөн сактап калат.

Бул Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Гүлжиги Алыкуловдун Беларус чемпионатында үчүнчү голу. Ал эми анын «Немана» командасы үчүн Беларус чемпионатындагы 900-гол болду.

16-турдун жыйынтыгы менен «Неман» турнирдик жадыбалда 7 сапта, чемпионаттын лидери БАТЭ клубунан 16 упай артта келатат.

Copyright © 2017 Maral FM