Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Көпчүлүк аймактарда кыска мөөнөттүү жаан болушу мүмкүн

Кыска кабар | 20 Июл 2019 | 404 | 0

Кыргызгидрометборборунун маалыматы боюнча эртең, 21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө

түнкүсүн +19…+24
күндүз +31…+36

Талас облусунда
түнкүсүн +3…+8
күндүз +22…+27

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +19…+24
күндүз +32…+37

Ысык-Көл дубанында
түнкүсүн +13…+18
күндүз +23…+28

Нарында
түнкүсүн +9…+14
күндүз +25…+30

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23 градус, күндүз +34…+36 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +23…+25 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM