Биз менен байланышыңыз

Замирбек Аскаров Нью-Йорктогу форумга катышты

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 556 | 0

16-июлдан 19-июлга чейин Нью-Йорк шаарында өткөн туруктуу өнүгүү боюнча саясий форумдун жогорку деңгээлдеги сегментине вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү да катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жогорку деңгээлдеги сегментте сөз сүйлөп, андан тышкары, ПРООНдун администратору Ахим Штайнер, БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча башкы катчысы Лю Чженьмин, Армениянын вице-премьер-министри Тигран Авинян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле, ал Армения менен Орусиянын туруктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулган, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетишкендиктеринин сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Ага Евразия Экономикалык Комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү Татьяна Валовая, Армениянын вице-премьер-министри Тигран Авинян, Тышкы иштер министринин орун басары В.Гаджиев, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын туруктуу өкүлдөрү жана БУУнун органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM